• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ажылык-2018: Ошто ажыга баруучулар окутулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Кечээ, 25-июндан тарта Ош облусунун аймагында ажылык милдетин аткарууга бара тургандарды окутуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош облустук казыятынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган окуу семинары Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмунүн башчысы Равшан ажы Эратов, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмунүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана ажылык сапарды уюштурууга Ош облусу боюнча жооптуу адис Акжол кары Бакировдор тарабынан бекитилген графиктин негизинде райондордун борборлорундагы мечиттерде өтүлүп жатат.

Семинардын жүрүшүндө зыяратчыларга ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны айлануу эрежелери үйрөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий