• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ажылык-2019: Баткендик зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага учуп кетти

Аймак 0

Бишкек, 22.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 22-июлда Баткен облусу боюнча ажылык сапарга бара турган ажылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аба майданынан Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Курамында 150 адамдан турган зыяратчыларды алгач Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечиттинде узатуу иш-чарасы болуп өттү.

"Ажыларды узатып жатып жетекчилер зыяратчыларга жакшы тилектерин айтышып, ыйык сапардын жүрүшүндө өлкөбүз, элибиз үчүн бата кылып, аман-эсен өз мекенине кайтуусун айтып, ак-жол каалашты, - деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий