• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ажылык-2019: Чүй облусу боюнча 817 адам Медина шаарына сапар тартышты

Коом 0

Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чүй облусу боюнча ажылык парзын аткаруу үчүн 817 адам Мекке жана Медина шаарларына учуп кетишти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Малыматка ылайык, Чүй, Токмок жана Кемин хатибияты биригип 128 адам, Ысык-Ата районунан 137, Кант шаарынан 110, Аламүдүн районунан 97, Сокулук районунан 129, Москва районунан 160 жана Жайыл менен Панфилов райондорунан биригип 56 адам Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунан учуп кетишти.

Ажылык сапарга зыяратчыларды 16 ажы башчы коштоп кеткен.

"Ажылык сапарга 234 ажы кыргыз улутунан болсо, 562 ажы дунган улутундагылар болду. Ал эми калгандары өзбек, казак, лезгин, даргин, түрк, түркмөн, тажик, уйгур улутундагыларды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий