• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ажылык – 2019: Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу мекенине кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 19.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу мекенине кайтып келди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Муфтияттан белгилешкендей, алар "Жидда-Бишкек" багыты боюнча Кыргызстанга 17-августта саат 22:28де учуп келишкен.

"17-августтан 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар "Жидда-Бишкек", "Жидда-Ош" жана "Медина-Ош" багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишмекчи. Жалпысынан 18 каттам уюштурулган", - деп билдиришти муфтияттан.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6 миң 10 квота бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий