• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ажылык-2019: Талапкерлерди каттоо бүгүн аяктайт

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. 2019-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоо бүгүн, 31-январда кечки саат 17:00дө аяктайт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Белгилей кетсек, талапкерлерди каттоо үстүбүздөгү жылдын 9-январында башталып, каттоого алуу биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлүүдө.

Талапкерлер муфтияттын облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынышмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий