• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ажылык-2020: Ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-декабрь күнү 2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Жыйында 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев белгилегендей, ажылыкты ачык-айкын өткөрүү үчүн муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу чыгып, ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

"Уюштуруу штабынын алгачкы жыйынында 2019-2020-жылдагы өтө турган сынактар жана ажылыкка каттоо маселеси каралды. Декабрь айынын ортосунда сынактарга жарыялар берилери жана ажылыкка каттоо башталары белгилүү болду", - деп билдиришти муфтияттан.

Пикир

Оставить комментарий