• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ажылык-2020: Бишкек шаарынан 460 жаран документтерин тапшырган

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Өлкө боюнча ажылыкка каттоо иштери аяктады. Борбор калаабыз Бишкек шаарынан 2020-жылы ажыга аттанган 460 жаран документтерин толук тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттан белгилешкендей, бул жылы каттоо электрондук тартипте жүргүзүлүп, жарандар үчүн бир топ жеңилдик болгон.

Бишкек шаары боюнча ажылык иштерине жооптуу адис Толкунбек Жумановдун айтымында, быйыл Бишкек шаарында катталгандардын саны 2018-жылга салыштырмалуу аз.

«Бул жылы 460 жаран каттоодон өттү. Былтыркыга караганда дээрлик 100 кишиге азыраак болду. Себеби, шаарда жашагандардын көпчүлүгүнүн каттоосу кичи мекенинде болуп, шаардан каттала алган жок»,- дейт Жуманов.

Эскерте кетсек, 2020-жылдагы ажылыкка каттоо өткөн жылдын 15-декабрынан 2020-жылдын 15-январына чейин жүргүзүлдү. Бул жылы Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандын жарандарына 6 миң 110 квота бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий