• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ажылык-2020: Кыргызстанга 6 миң 110 квота бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 03.01.20. /Кабар/. 2020-жылдагы ажылык сапар үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6 миң 110 квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман Машаддын Мекке шаарында өткөн жолугушуусунда белгилүү болду.

Муфтияттан белгилешкендей, жолугушууда ажылык иштер боюнча маселелер талкууланган.

Жолугушуунун соңунда тараптар 2020-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий