• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ажылык сапарга алгачкы топ 6-августта учат

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2017- жылдагы ажылык сапардын алгачкы тобу 6-августта учат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, ар жыл сайын Сауд Аравиясы Кыргызстанга 2 миң 685 орун берет. “Бирок бул жылы орундун саны 900гө өскөн. Муну менен ажылыкка быйыл 4 миң 585 адам баруу мүмкүнчүлүгүн алган. Ажыга барган мусулмандарды ташуу милдети сынактан утуп чыккан «Флай Нас» компаниясына жүктөлгөн. Жалпысынан 15 авиакаттам аткарылса, анын алгачкысы 6-августта учат. Биринчи үч каттам Бишкектен кетсе, калган 12си Ош шаарынан кетет”,-деди ал.

Ошондой эле,ал бул жылы ажыга баруунун баасы 2 миң 760 АКШ долларын түзөрүн билдирди. Бул суммага барган келгени, жашаган жери жана тамак-ашы кирет. Зыяратчыларды 91 ажы коштоп барат. Алар ажылыкка барганда өзүн кантип алып жүрүш керектиги боюнча сабактарды өтүп турушат. Өткөн жылы Сауд Аравия кыргыз тараптын ажылык сапарга жакшы даярданып келгенин билдиришкен”, - дейт Атабаев.

Пикир

Оставить комментарий