• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азиада-2017: Түркмөнстанда жолбун ит-мышыктар үчүн атайын жай ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 22.08.17. /Кабар/. Түркмөнстанда Азия оюндарынын алдында расмий түрдө алгачкы жолу жолбун мышыктар менен иттер үчүн баш калкалоочу жай ачылды. “Нейтралдуу Түркмөнстан” басылмасы билдиргендей, бул жер жергиликтүү тургундар тарабынан негизделди жана мамлекет тарабынан жардам алып турат.

Өкмөт 100дөй ит менен 50дөй мышык коргологон жайды кеңейтүү үчүн кошумча жер тилкесин берүү жана медикаменттер менен камсыздоо милдетин алды.

Баш калкалоочу жай жаныбарлардын укугун коргогон активисттер Азия оюндарынын алдында жолбун айбанаттарды жок кылуу өнөктүгүн сынга алгандан кийин ачылды.

Эл аралык деңгээлдеги ири спорттук оюндардын алдында Түркмөнстан алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салып, соттолуп чыккандарды спорттук шаарчадан алыс болууга чакырып, Ашхабад көчөлөрүн кайырчылардан тазалап баштаган.

Азия оюндары 17-27-сентябрь аралыгында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий