• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азиада-2018: КР байге куржунунда учурда алты медаль бар

Спорт 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарынын үчүнчү күнү аяктады. Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 6 медаль бар – үч “күмүш” жана үч “коло”.

Азия оюндары 18-августта башталган, эртеси күнү эле эркин күрөш боюнча беттештер старт алган.

Беттештин биринчи күнү Магомед Мусаев күмүш утуп, анын менен бирге байгелүү орундарды төмөнкү спортчулар ээлешкен: - Айсулуу Тыныбекова (күмүш), Мээрим Жуманазарова (коло), Айпери Медет кызы (коло), Каныбек Жолчубеков (күмүш) жана Амантур Исмаилов (коло).

Белгилей кетсек, Денис Петрашов финалга чыгып, бирок бешинчи орунду ээледи.

Бүгүн, 22-августта КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча төмөнкү спортчулар беттешке чыгат:

Сүзүү - Денис Петрашов, Елизавета Рогожникова, Владислав Шулико;

Фехтование – Жумабай у. Д., Абдурахман у. К., Баудунов Х., Петров Р. (командалык);

Таэквондо – Акбар Айтахунов (80 кг чейин);

Грек-рим күрөшү – Акжол Махмудов (77кг), Самат Ширдаков (87кг), Узур Жузупбеков (97кг), Мурат Рамонов (130 кг);

Баскетбол (3х3) – Кыргызстан Бангладешке каршы ойнойт;

Оор атлетика – Иззат Артыков (69кг).

Пикир

Оставить комментарий