• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азиада-2018: Узур Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча “коло” утту

Спорт 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Узур Жусупбеков (97 кг чейин) 3-орун үчүн болгон кармашта Өзбекстандык спортчу Жахонгир Турдиевди жеңип, Азия оюндарында коло медалга ээ болду.

Кармаш 2:0 эсебинде Жусупбековдун пайдасына чечилген.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 9 медаль бар: төрт күмүш, беш коло.

Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махмудов күмүш медаль утушту.

Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери, Амантур Исмаилов менен оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынышты.

Пикир

Оставить комментарий