• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азиаданын алдында каттоосу жок жумушчулар Ашхабаддан чыгарылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. Азиаданын алдында Ашхабадга акча табуу үчүн аймактардан келген жарандарды аныктап, аларды борбордон чыгаруу иштери башталды.

«Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын маалыматы боюнча, шаардагы курулуштарда иштеп жаткан жумушчулар 7-августтан тарта текшериле баштаган. Полициячылар аймактардан келген жумушчулардын көбүндө убактылуу каттоолору жана борбордо иштөөгө уруксат кагаздары жок экенин билдиришүүдө.

Жыйынтыгында курулуш иштеринин көбү, анын ичинде Мир-7 кичи районундагы турак-үйлөрдү тургузуу иштери убактылуу токтоду. Бул маалыматты «Азаттыктын» түркмөн кызматына өз булактар ырасташты. Өлкөнүн расмий адамдары мындай билдирүүлөрдү ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Буга чейин дагы Азия оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында аймактардан борборго иштегени келген жарандарды кармоо жана шаардан чыгаруу чаралары башталганы маалымдалган.

Азиада-2017 мелдештери быйыл 17-27-сентябрь күндөрү Ашхабад шаарында өтөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий