• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия биринчилиги – 2020: Футбол боюнча өспүрүмдөр арасында КР курамасы кимдер менен беттешет?

Спорт 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасында (U-16) 2020-жылы боло турган Азия биринчилигине тандоо туру өтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Беттеш 18-22-сентябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот.

Тандоо турунун алгачкы беттешинде кыргызстандык команда Ливандын курамасы менен оюн өткөрөт. 20-сентябра Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен беттешет. Ал эми, 22-сентябрда мекендештерибиз Ирактын курама командасына каршы ойношот.

Алгачкы оюн 18-сентябрда саат 20:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий