• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азия биринчилиги – 2020 (U-16): Кыргызстандын курамасы Ливанды 3:2 эсебинде утту

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Кечээ, 18-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда футбол боюнча өспүрүмдөр арасында (16 жашка чейин) 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигине тандоо туру башталды. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Тандоо турунда F тайпасына кирген командалар оюн көрсөттү. Анда Кыргызстандын командасы Ливандын курамасы менен оюн өткөрдү. Кыргызстандын атынан Бекназ Алмазбеков жана Аалам Абылкасымов (2 гол) каршылашынын дарбазасына гол киргизди. Эсеп 3:2, Кыргызстандын командасы жеңишке жетти.

Ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы Ирактын командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, кийинки оюн 20-сентябрда болуп, анда Ливандын командасы менен Ирак, Кыргызстандын командасы БАЭ менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий