• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Азия Биринчилиги: Бүгүн КРнын футзал боюнча курамасы Таиланд менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек,14.06.19. /Кабар/. Бүгүн КРнын футзал боюнча улуттук курамасы Азия биринчилигинин (U-20) алкагында Таиланд менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш кечээ күнү Тебриз шаарында башталган. Анда былтыр декабрь айында квалификациялык баскычтан өткөн 12 команда катышууда.

Чучукулактын жыйынтыгы менен Кыргызстан "В" тайпасында орун алып, Таиланд жана Ливан менен ойнойт.

Кыргызстандык футболчулар биринчи оюнуна кызыл, ал эми Ливанга каршы беттешке (15-июнь) ак формачан чыгышат.

Бүгүнкү беттеш Бишкек сааты боюнча 18:30да башталат. Оюндар AFCHub каналында көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий