• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Азия биринчилиги: Исламбек Орозбеков коло байге алды

Спорт 0

Бишкек, 22.02.20./ Кабар/. Эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыргызстандык Исламбек Орозбеков коло байгелүү болду.

Коло үчүн ал монголиялык балбан Темуулен Энкхтуя менен күрөшмөк. Бирок анын атаандашы кармашка чыкпай, жеңиш Орозбековго берилди.

Белгилей кетсек, Орозбеков алгачкы беттешинде катарлык Абдулрахман Ибрахим А. Ибрахим менен күч сынашып, аны 10:0 эсебинде жеңип чыккан. Андан кийин, чейрек финалда Өзбекстандын спортчусу Иляс Бекбулатовго 3:14 эсебинде утулган. Өзбекстандык балбан финалга чыга алгандыктан Орозбековго коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Азырынча эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эсебинде 1 алтын, 1 коло бар. Алтын байгени 79 салмакта күрөшкөн Арсалан Будажапов алган.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий