• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия Биринчилиги: КРнын футзал боюнча курамасы биринчи беттешинде жеңилди

Спорт 0

Бишкек,15.06.19. /Кабар/. Кечээ, 14-июнь күнү КРнын футзал боюнча улуттук курамасы Азия биринчилигинин (U-20) алкагындагы оюнда Таиландга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандык спортчулар атаандаштарына 2:4 эсебинде утулган.

Бүгүн алар Ливанга каршы беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, мелдеш Тебриз (Иран) шаарында өтүп, ага 12 команда катышууда.

Пикир

Оставить комментарий