• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия биринчилиги: Кыргызстандык үч балбан коло үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 22.02.20./ Кабар/. Эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыргызстандык үч балбан коло үчүн күрөшөт.

Коло үчүн Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг), Исламбек Орозбеков (70 кг) жана Магомед Мусаев (97 кг) күрөшөт.

Бекболот Мырзаназар уулу таймашты чейрек финалдан баштаган. Анда ал тажикстандык Хикматилло Вохидов менен күрөшүп, ага 6:7 эсебинде утулуп калган. Бирок тажикстандык спортчу финалга чыккандыктан кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Анын атаандашы өзбекстандык Сардор Рузимов болот.

Ал эми Орозбеков алгачкы беттешинде катарлык Абдулрахман Ибрахим А. Ибрахим менен күч сынашып, аны 10:0 эсебинде жеңип чыккан. Андан кийин, чейрек финалда Өзбекстандын спортчусу Иляс Бекбулатовго 3:14 эсебинде утулган. Өзбекстандык балбан финалга чыга алгандыктан Орозбековго коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Ал монголиялык балбан Темуулен Энкхтуя менен күрөшөт.

Таймашты чейрек финалдан баштаган Мусаев кореялык Минвон Сеону утуп, бирок жарым финалда ирандык Можтаба Мохаммадшафи Голейжге жеңилип калган. Ал коло үчүн Казакстандын спортчусу Алишер Ергали менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык Арсалан Будажапов (79 кг) мелдештин финалына чыккан.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий