• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрт кыргыз балбан жаштар арасында Азия чемпиону болду (толукталды)

Спорт 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы (U-23) Монголиядагы Азия биринчилигинде 9 медаль жеңип алды. Бул тууралуу United World Wrestling эл аралык уюму билдирет.

Мелдеш кечээ Улан-Батор шаарында башталган. Ал 24-март күнү жыйынтыкталат.

Кыргызстандык балбандар төрт алтын, эки күмүш жана үч коло медаль утуп алышкан.

Сардарбек Коңушбаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Ильяз Ренат уулу (77 кг), Роман Ким (130) алтын медаль утуп, Азия чемпиону болушту.

Эльмар Таланбек уулу (63 кг) жана Калидин Асыкеев (87 кг) - күмүш медалдын ээси болушту.

Ал эми Амантур Исмаилов (67 кг), Бекжан Коңурбаев (72 кг) жана Илгиз Билимов (82 кг) коло медаль жеңип алышты.

Пикир

Оставить комментарий