• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия биринчилиги: Назира Марсбек кызы күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Назира Марсбек кызы Таиландда өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль тагынды.

Жаштар арасындагы мелдеш 9-июлда башталып, Чонбури шаарында өтүүдө.

Назира Марсбек кызы 59 килограмм салмак ченинде күрөшкөн. Финалга чыккан балбан кыз алгач вьетнамдык спортчуну, андан кийин кытайлык балбанды жеңген.

Финалда ал индиялык балбанга жеңилип, мелдеште экинчи орунду алды.

Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары – Акылбек Талантбеков менен Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш байгелүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий