• 84.81
  • 101.79
  • 1.14

Азия биринчилигинин тандоо туру (U-23): Биринчи беттеште Кыргызстан утулуп калды

Спорт 0

Бишкек. 23.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин (U-23) тандоо турундагы биринчи беттешинде Сирияга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Беттеш кечээ күнү болуп өтүп, Кыргызстан 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Эске салсак, 22-26-мартта Кыргызстан Азия биринчилигинин (U-23) финалдык баскычына өтүш үчүн Сирия, Иордания жана Кувейттин командаларына каршы оюн өткөрөт.

24-март күнү Кыргызстан Иорданиянын командасы менен ойносо, 26-мартта Кувейт менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий