• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азия биринчилигинин тандоо туру (U-23): Кыргызстан үчүнчү беттешинде Кувейтке утулуп калды

Спорт 0

Бишкек. 27.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин (U-23) тандоо турундагы үчүнчү беттешин өткөрүп, Кувейттин командасына утулуп калды.

Оюн кечээ Бишкек сааты боюнча 23:15 болуп, кыргыз футболчулар Кувейтке 2:3 эсеби менен жеңилди.

Эске салсак, 22-26-март күндөрү Кыргызстан Азия биринчилигинин (U-23) финалдык баскычына өтүш үчүн Сирия, Иордания жана Кувейттин командаларына каршы оюн өткөрдү.

Биринчи оюнда Кыргызстан Сирияга 0:2 эсебинде, экинчисинде Иорданияга 0:3 эсебинде утулуп калган.

Кыргызстан өз тайпасында акыркы орунду ээлеп, 2020-жылы өтө турган мелдешке чыга албай калды.

Пикир

Оставить комментарий