• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Азия чакырыгы" кубогу: Кыргызстандын курама командасы жеңүүчү болду

Спорт 0

Бишкек, 04.09.22./Кабар/. Чолпон-Ата шаарында эркектер арасында "Азия чакырыгы" кубогунун финалдык беттеши жыйынтыкталды.

Анда Кыргызстан курама командасы Сауд Аравиянын волейболчуларын 3:2 эсебинде утту.

Оюндун жүрүшүндө Сауд Аравия алгачкы эки партияда алдыда келе жаткан. Кийинки үч партия Кыргызстандын оюнчулары катары менен утуп (29-31, 20-25, 25:23, 25:22, 15:11) жеңишке жетишти.

Ал эми үчүнчү орун үчүн Монголия жана Өзбекстан командалары кез келген.

Жыйынтыгында 3:2 эсебинде Өзбекстан курама командасы жеңишке жетишип үчүнчү орунду камсыз кылды.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке жалпы төрт (Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Сауд Аравия) мамлекеттин спортчулары катышкан.

Пикир

Оставить комментарий