• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азия чемпионаты: Акжол Махмудов мелдештин жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 19.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгачкы ирандык Ареф Мозафарга кез келди. Аны кыргызстандык балбан 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен кармашат.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий