• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия чемпионаты: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков жана төрт балбан килем үстүнө чыгат

Спорт 0

Бишкек, 20.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде, Монголиядагы күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык беш балбан күчүн сынайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Бүгүн төмөнкү балбандар килем үстүнө чыгат:
1. Жоламан Шаршенбеков, 60 кг;
2. Элдияр Сатаров, 67 кг;
3. Адилхан Нурланбеков, 72 кг;
4. Калидин Асыкеев, 82 кг;
5. Үзүр Жузупбеков, 97 кг.

Азия чемпионатында Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий