• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия чемпионаты: балбан Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 20.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Жузупбеков 97 кг салмакта коло медаль үчүн кармашта кореялык балбанды 10:1 эсебинде артта калтырды.

Буга чейин кыргыз балбаны индиялык спортчуну 3:1 эсебинде утуп, финалга чыкчу кармашта ирандык балбанга жеңилип калган.

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган. Экинчи күндө Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын, Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло байгеге ээ болду.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий