• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Азия чемпионаты: Эрназар Акматалиев финалда бир упайга утулуп, күмүш медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 23.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Финалда Акматалиев (70 кг) япон спортчусу Таиши Нарикуни менен күрөштү. Кыргыз балбаны алгач эки упай топтогону менен белин алдырып жиберип, 4:3 эсебинде утулуп калды. Жарым финалда Акматалиев монголиялык Тэмуулен Энхтуяга аз жерден утулуп кала жаздаган. Күрөштүн башында Эрназар алты упайды алдырып жиберип, бирок күчүн бир муштумга чогултуп атаандашын караандатпай 12:6 эсебинде артта калтырды.

Кыргыз балбаны мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, индиялык спортчуну 6:3 эсебинде жеңип алган.

Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев 2021-жылы Осло шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.

Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 10 медаль багындырышты:

Алтын медаль:

Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;

Тынар Шаршенбеков - 63 кг;

Акжол Махмудов - 77 кг; Айпери Медет кызы - 76 кг.

Күмүш медаль:

Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;

Мээрим Жуманазарова - 68 кг.

Коло медаль:

Алмаз Сманбеков - 57 кг;

Адилхан Нурланбеков - 72 кг;

Үзүр Жузупбеков - 97 кг;

Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий