• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия чемпионатына кадеттер арасында грек-рим күрөшү боюнча окуу-машыгуу жыйыны жүрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында кадеттер арасында грек-рим күрөшү боюнча улуттук команданын окуу-машыгуу жыйыны башталды. Ал машыгууда Азия чемпионатына ким чыгаары аныкталат. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Машыгууда Рыскулбек Эгеев жана Ратбек Мамбетовдун алдында Разак Бейшекеев, Нурислан Сүйөркулов, Улукбек Сансызбаев, Аманбек Жумаков, Акыйкат Кулжигит уулу, Дөөлөтбек Чойбеков, Автандил Таалайбек уулу, Белек Нурдинов, Нурдос Нурканов, Жанболот Туратбеков, Дастан Акылбеков, Абдаллах Маматов, Бакдаулет Эгенбердиев, Элбаг Гасанов, Бекзат Оронкул уулу, Нарту Абдрахманов, Нурманбет Раймалы уулу, Ихтияр Сулейманов, Давран Садыков жана Дастан Иманбердиев катышууда.

Маалыматка ылайык, машыгуу 19-июнга чейин уланат. Окуу-машыгуу жыйынына бюджеттен 411 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий