• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Азия чемпионатында ОшМУнун студенттери ыктыярчы котормочу болушту

Аймак 0

Бишкек, 27-май /Кабар/. Ош шаарында А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо 20-21-майда аралаш уруш боюнча (ММА) Азия чемпионаты өттү. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мелдешке алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген конокторго жана спортчуларга ыктыярчы котормочу катары ОшМУнун 27 студенти (эл аралык мамилелер факультетинен 23 студент, медицина факультетинен 3 студент, кыргыз филологиясы факультетинен 1 студент) жардам көрсөтүштү. Алар Кытайдан, Кореядан, Ирандан, Афганистандан, Тажикстандан, Казакстандан, Өзбекстандан келген конокторду тосуп алуу, жайгаштыруу иштерине катышып, мелдеш учурунда ыктыярчы котормочу катары коштоп жүрүштү.

Белгилей кетсек, Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында да Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде ыктыярчы-котормочулар катары жардам көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий