• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Раззак Бейшекеев менен маек

Спорт 0


Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. 2021-жылы Будапештте өткөн өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, 2022-жылы Манамада өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Раззак Бейшекеев “Кабар” маалымат агенттигине келип маек куруп берди.

Акыркы катышкан чемпионат

Акыркы чемпионат Бишкек шаарында өттү. Атаандаштарым абдан жакшы даярдык көрүшүптүр, бирок ага карабастан жеңишке жеттим

Спортко болгон кызыгуу

Кичинекей кезимде, Көк-Жарга жаңы көчүп келгенде грек-рим күрөшү боюнча гана машыгуу залы бар болчу. Машыгып жүрүп, кызыгуум артып кетти.

Машыктыруучулары

Раатбек Мамбетов жана Турат агайлар менен көп иштештик. Азат Бейшебеков агай бизге көптөгөн салымын кошту десем болот. Чемпионаттарга даярдыктарды дал ушул агайдан өттүк

Кыйнчылыктар тууралуу

Машыгуу учурунда жаракат алабыз, андай учурда өзүбүздүн атаандаштарыбыздан артта калып калабыз.

Чемпионатка даярдык

Кыргызстандын чемпионатына абдан жакшы даярданганбыз, аны утуп, июнь айында Бахрейн шаарында өткөн Азия чемпионатына жолдомо алдык. Тилекке каршы, экинчи орунду алып калдым, бирок баары алдыда.

Ийгиликке карай жол

2019-жылы Астана шаарындагы Азия чемпионатында экинчи орунду ээлегем. 2021-жылы Будапештте кадеттер арасында дүйнө чемпиону болгом жана 2022-жылы Бахрейн шаарында өткөн жаштар арасындагы чемпионатта 2 орунга илиндим.

Кеп-кеңеш

Спортту жаңы баштаган жаштарга айтаарым: “Талыкпай эмгектенгиле, жаман жолго барбагыла, ата-энеңерди сыйлагыла”

Пикир

Оставить комментарий