• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Азия чемпионатынын тандоо туру: Кыргызстан (U-23) бүгүн Сирия менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын (U-23) футбол боюнча жаштар курамасы 2020-жылы өтчү Азия чемпионатынын тандоо турундагы беттештирди өткөрөт.

Тайпалык этаптын биринчи оюнунда Кыргызстан Сириянын курамасы менен ойнойт. Матч Бишкек убактысы боюнча саат 20:15 башталат.

Кыргызстандын Олимпиада курамасынын башкы машыктыруучусу Владимир Сало алдыдагы тандоо мелдештери тууралуу:

– Максатыбыз Азия Биринчилигинин (U-23) финалдык бөлүгүнө чыгуу. Бизге мыкты, күчтүү командалар каршылаш болууда. Негизи, тайпада баары тең, алдыга суурулуп турган команда жок. Биз алар тууралуу маалыматыбыз бар. Даярдык тартип боюнча өттү. Баардык балдар беттешти күтүп жатышат. Жакшы оюн көрсөтөрүнө ишенем, – деди Владимир Сало.

Эске салсак, 22-26-мартта Кыргызстандын курама командасы (U-23) Азия чемпионатына өтүш үчүн Сирия, Иордания жана Кувейттин командаларына каршы оюн өткөрөт.

24-мартта Кыргызстан Иорданиянын командасы менен ойносо, 26-мартта Кувейт менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий