• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия чемпиону Кубаныч Айбек уулун Ошто салтанаттуу тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Ош Эл Аралык аэропортунан дзюдо боюнча Азиянын чемпиону Кубаныч Айбек уулун жана Баяман Сагынбай уулун Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчунун жакындары жана күйөрмандары салтанаттуу тосуп алышты.

Спортчуларды жана машыктыруучусун жеңиши менен куттуктап, калпак, чепкен кийгизишти.

Айта кетсек, жаштар арасында дзюдо боюнча Азия Чемпионаты Ливан мамлекетинин Бейрут шаарында 12-13 –май күндөрү өтүп, ага улуттук курамдын катарында Ош шаарынан Кубаныч Айбек уулу жана Баяман Сагынбай уулу катышкан. Кубаныч Айбек уулу 55 кг чейинки салмактык категорияда күч сынашып алтын медаль утуп алган. Ал эми, Баяман Сагынбай уулу 60 кг чейинкилер арасында бешинчи орунду камсыз кылган.

Пикир

Оставить комментарий