• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи Бишкекке келди

Спорт 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кечээ, 3-апрелде Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда мейманды КР Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев тосуп алды.

Иш сапардын негизги максаты - Борбор Азиядагы дзюдо спортун өнүктүрүү, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын ачылышына катышуу болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 2021-жылдын 6-9-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий