• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Азия Кубогу. Бул турнирдин башталышы гана, күрөш али алдыда – Крестинин

Спорт 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Биздикилер Кытай футболчулары менен болгон оюнда чабуул жасай албай калышты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кытайга каршы оюндун жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

Бириккен Араб Эмираттарында кечээ, 7-январь күнү Азия Кубогунун финалдык раундунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Кытай курама командасы менен беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде аянтап, Кытай футболчулары жеңип алышкан.

Крестинин белгилегендей, оюн эки тарап үчүн тең абдан оор болду. Ошондой эле башкы машыктыруучу оюн убагында командасы тарабынан кетирилген каталарга да токтолуп кеткен. “Чабуул жасоодо каталарды кетиришкен. Себепти бир оюнчудан издебей, команда менен иштөө керек. Ошондой эле унутпашыбыз керек, эң мыкты оюнчулар да өз маалында каталарды кетиришкен. Бул турнирдин башталышы гана, баардык күрөш али алдыда”, - дейт ал.

Ал эми өз кезегинде Кытай курама командасынын устаты Марчелло Липпи билдиргендей, биринчи таймда анын шакирттери ойной албай, танапистен кийин гана оюнду өз колуна алышкан.

“Оюндун экинчи жарымында алар абалды оңдошкон. Мен балдар менен абдан сыймыктанам, алар керек маалда өзүнүн мүнөзүн көрсөтө алышты. Биринчи голдо бизге атаандаштардын катасы жардам берди, ал эми экинчисинде талаанын борборуна оюнчуларды коюу жардам берди. Анткени биринчи таймда биздин атаандаштар ошол талаанын так ортосунан ойноп кетишкен”, - дейт ал.

Кыргызстандын курамасы 11-январь күнү Түштүк Кореянын оюнчулары менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий