• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азия кубогу- 2019: Кыргызстан кайсы курамалар менен беттешет?

Спорт 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Дубайда Азия кубогу – 2019 финалдык этабы боюнча чучукулак болуп, анда Кыргызстандын курамасы “С” тайпасына түшкөн.

Ошентип, КР курамасы Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин менен ойнойт.

КР улуттук курамасынын башкы башыктыруучу Александр Крестининдин айтуусунда, тайпадагы атаандаштардын бардыгы күчтүү.

“Кытайдын машыктыруучусу Марчелло Липпи абдан күчтүү.

Түштүк Корея тааныштырбаса деле барына белгилүү, Азия футболундагы лидерлердин бири. Филиппин менен буга чейин 2 ирээт беттешип, эки жолу тең утулуп калганбыз. Албетте, оңой болбойт. Бирок максат өзгөрбөйт – тайпадан чыгуу керек”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, АЧ – 2019 Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылдын 5-январынан 1-февралга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий