• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия Кубогу-2019: Плей-офф баскычына чыккан курамалар аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кечээ Азия Кубогунун алкагында тайпалык оюндар жыйынтыкталып, плей-офф баскычына чыккан курамалар аныкталды.

Белгилүү болгондой бул баскычка биздин футбол боюнча курама да чыга алды. Ошондой эле плей-оффто Таиланд, Кытай, Иран, Оман, Иордания, Вьетнам, Япония, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея, Бахрейн, Катар, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Австралия, Өзбекстан оюн көрсөтүшөт.

Кийинки баскычтагы беттештер жекшемби күнү 20-январда башталат. Ал күнү алгачкылардан болуп оюн талаасында Иордания-Вьетнам, Таиланд-Кытай, Иран-Оман командалары оюн көрсөтөт.

Ал эми биздин ак шумкарлар 21-январда саат 23:00д Бириккен Ара Эмираттарына каршы ойнойт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курамасы бул мелдешке алгачкы ирет катышып, тайпалык баскычтан чыга алышты. Алар биринчи эки беттешинде утулуп, бирок үчүнчү - Филиппин менен болгон оюнда каршылаштарын жеңе алышкан. Ал оюнда Кыргызстандын чабуулчу Виталий Люкс жеңиш алып келген үч топ киргизген.

Пикир

Оставить комментарий