• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Азия кубогу – 2023: “Ак шумкарлар” менен Мьянманын оюну башталды

Спорт 0

Бишкек, 11.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы менен Мьянманын командасы ортосундагы оюн башталды.

Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.

Тайпада учурда Тажикстан эки оюндан кийин алты упай топтоп, биринчи орунда келе жатат. Алар алгач Мьянманы 4:0 эсебинде, анан Сингапурдун командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстандын курамасы бир оюн өткөрүп, Сингапурду 2:1 эсебинде жеңип, үч упайы менен экинчи орунда келе жатат. “Ак шумкарлар” Мьянманы утуп алса, ал дагы алты упай топтой алат.

F тайпасындагы акыркы оюн 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда орун алат.

Ал эми 2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Учурда алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө. Тандоо туру жогоруда айтылгандай алты өлкөдө алты тайпага төрттөн команда болуп бөлүшүп оюн өткөрүүдө. Ар бир тайпанын биринчи орун алган комадасы жана экинчи орун алган беш курама (гол, упайлардын артыкчылыгына жараша) жолдомо алат. Ошондо экинчи орун алган бир команда Азия кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Пикир

Оставить комментарий