• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия кубогу – 2023: Кыргызстандын курамасы Мьянманы жеңди

Спорт 0


Бишкек, 11.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Мьянманын командасы менен оюн талаасына чыкты.

Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Оюндун 25-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Виктор Майердин сол буту менен тепкен тобу атаандашынын дарбазасынан орун алды. Ал эми биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө Александр Мищенконун чыгарып берген тобун кайрадан Виктор Майер тээп, эсепти 2:0гө өзгөрттү. Оюн 2:0 эсебинде “Ак шумкарлардын” жеңиши менен аяктады.
Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.

Тайпада учурда Тажикстан эки оюндан кийин алты упай топтоп, биринчи орунда келе жатат. Алар алгач Мьянманы 4:0 эсебинде, анан Сингапурдун командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстандын курамасы биринчи оюнда Сингапурду 2:1, экинчисинде Мьянманы 2:0 эсебинде артта калтырып, алты упай жыйнады. Бирок голдордун саны аз болгондуктан Тажикстандан кийинки орунда келе жатат.

F тайпасындагы акыркы оюн 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстан жана Мьянма менен Сингапурдун ортосунда орун алат.

Ал эми 2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Учурда алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө. Тандоо туру жогоруда айтылгандай, алты өлкөдө алты тайпага төрттөн команда болуп бөлүшүп, оюн өткөрүүдө. Ар бир тайпанын биринчи орун алган комадасы жана экинчи орун алган беш курама (гол, упайлардын артыкчылыгына жараша) жолдомо алат. Ошондо экинчи орун алган бир команда Азия кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Пикир

Оставить комментарий