• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия кубогу - 2023: Тажикстандын командасы Сингапурду жеңди

Спорт 0

Бишкек, 11.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Тажикстандын футбол боюнча улуттук курамасы Сингапурдун командасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Биринчи оюнда дагы Тажикстан Мьянманын командасын 4:0 эсебинде артта калтырган.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.

Тажикстандын кийинки оюну Кыргызстандын курамасы менен 14-июнда болот.

Пикир

Оставить комментарий