• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия Кубогу. Бүгүн Кыргызстан Түштүк Корея менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 11.01.19/Кабар/. Бүгүн, 11-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогунун алкагында Түштүк Кореяга каршы оюн өткөрөт.

Ак шумкарлар менен "азиялык арстандар" Аль-Айн шаарындагы Хазза Бин Зайед стадионунда ойношот.

Футбол сүйүүчүлөрү оюнду "КТРК Спорт" каналынан саат 22:00дө көрө алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин эки команда оюн өткөргөн эмес. Кыргызстан бул мелдешке биринчи ирет катышып жатса, Түштүк Кореянын курамасы эки жолу Азия чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий