• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия Кубогу: Бүгүн Япония менен Катар финалда ойнойт

Коом 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Футбол боюнча Азия Кубогунун финалында Япония менен Катар командалары ойнойт. Финалдык беттеш 1-февралда Абу-Даби шаарында өтөт жана Бишкек убактысы боюнча саат 20:00 башталат.

Жарым финалда Катардын курамасы Бириккен Араб Эмирлигинин командасын 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Эске салсак, Катар Азия чемпионатынын жарым финалына жана финалына тарыхта биринчи жолу чыгып жатат.

Ошондой эле бул турнирдин алкагында Катар курамасынын дарбазасына бир да гол кире элек.

Ал эми Япония жарым финалдык оюнда Иранды 3:0 эсеби менен жеңип алган.

Финалдык беттеште өзбекстандык Равшан Ирматов башкы калыс болуп талаага чыгат.

Пикир

Оставить комментарий