• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия Кубогу: БАЭнин күйөрмандары Катардын футболисттерине бут кийимдерин ыргытышты

Спорт 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Азия Кубогунун алкагында Катардын футболчулары каршылаштарынын дарбазасына экинчи топту киргизип, майрамдап жаткан кезде БАЭнин күйөрмандары аларга бут кийимдерин ыргытышкан. Бул тууралуу ТАСС агенттиги ирландиялык "Дандолк" футбол клубунун ээси, америкалык инвестор Джордан Гарднерге шилтеме жасап берүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-январда Азия Кубогунун алкагында Катардын курамасы Бириккен Араб Эмирлигинин командасын 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Оюн Мохаммед бин Зайед Стэдиум стадионунда болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий