• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азия Кубогу: Кыргызстан 0:1 эсеби менен Түштүк Кореяга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 12.01.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Азия кубогунун С тайпасында орун алган Кыргызстандын жана Түштүк Кореянын футбол боюнча командалары беттеш өткөрдү. Оюн 1:0 эсебинде Кореянын пайдасына чечилди.

Оюндун 41-мүнөтүндө бурчтан көтөрүү орун алды. Кореялыктардын бурчтан көтөрүүсү эсепти 1:0гө айлантты. 1-таймда оюн Түштүк Кореянын көзөмөлүндө болгону менен Кыргызстандын курама командалары кооптуу чабуулдарды да жасап жатты.

Азия кубогунун 1-турунда Кыргызстандын курамасы Кытай менен оюн өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңилип калган. Эми кыргызстандык футболчулар 16-январда Филиппин курамасы менен беттешет.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын командасы С тайпасында орун алып, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин курама командалары менен оюн өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий