• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия Кубогу: Вьетнам, Кытай жана Иран 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 21.01.16 /Кабар/. Бириккен Араб Эмиратында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогуда биринчи үч команда 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды –Вьетнам, Кытай жана Иран.

20-январда 1/8 бөлүгүндөгү оюндун биринчи беттешинде Вьетнам Иордания менен негизги убакытта 1:1 эсебинде ойноп, пенальтиден 4:2 эсебинде утуп, кийинки баскычка өтө алды.

Кытай футболчулары Таиландды 2:1 эсебинде жеңсе, Иран командасы Оманды 2:0 эсебинде жеңип, кийинки финалдык бөлүккө өттү.

Эске салсак, 21-январда 1/8 финалдык оюндар уланат. Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары ойнойт. Бул матч Абу-Даби шаарында болмокчу. Оюн Бишкек убактысы боюнча 23.00 башталат.

Ошондой эле Япония менен Сауд Арабия командалары кездешсе, кийинки матчта Австралия менен Өзбекстан беттешет.

Пикир

Оставить комментарий