• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстан — Тажикстан оюну тең чыгуу менен аяктады

Спорт 0


Бишкек, 14.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болду.

Биринчи таймда "Ак шумкарлар" дээрлик топко ээлик кылып, кооптуу чабуулдарга байма-бай чыгып жатты. Бирок эсеп ачылган жок. Экинчи таймдын 64-мүнөтүндө кыргыз футболчусунун оң тараптан көтөрүлгөн тобу атаандашынын дарбазасынын алдынан өтүп кетти. Гүлжигит Алыкулов топко жүгүрүп үлгүрбөй калды. Бул сыяктуу дагы чабуулдар орун алганы менен оюн 0:0 эсебинде бүттү.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өттү. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте жүрдү.

Бардык оюндардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын курамасы жети упай топтой алды. Андан кийин Сингапур үч, Мьянма нөль упайы менен акыркы орунду ээледи.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Буга чейин алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө. Тандоо туру жогоруда айтылгандай, алты өлкөдө алты тайпага төрттөн команда болуп бөлүшүп, оюн өткөрүүдө. Ар бир тайпанын биринчи орун алган командасы жана экинчи орун алган беш курама (гол, упайлардын артыкчылыгына жараша) жолдомо алат. Ошондо экинчи орун алган бир команда Азия кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Ал эми F тайпасында буга чейин эле Тажикстан менен Кыргызстан алты упай топтоп Азия кубогуна жолдомо алган болчу. Себеби B тайпасында Палестинанын курамасы үч оюндан кийин тогуз упай менен биринчи орун алса, Филиппин үч оюндан кийин төрт упай менен экинчи орунда турганы менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Мындан улам “Ак шумкарларга” Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты упай гана жетиштүү болду.

2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий