• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын курамасы кимдер менен качан ойнойт?

Спорт 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттештер Индия, Кувейт, Малайзия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстанда болмокчу. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Кыргызстанда болот.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

F тайпасындагы оюндар:
8-июнь:
• Кыргызстан - Сингапур;
• Тажикстан - Мьянма.
11-июнь:
• Сингапур - Тажикстан;
• Мьянма - Кыргызстан.
14-июнь:
• Кыргызстан - Тажикстан;
• Мьянма - Сингапур.

Пикир

Оставить комментарий