• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын курамасы Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди

Спорт 0


Бишкек, 08.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болду.

"Ак шумкарлар" кооптуу чабуулдарга чыкканы менен гол жарата алган жок. Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктады.

Экинчи таймдын 55-мүнөтүндө Сингапурдун оюнчусу эсепти ачканга жетишти. Ал эми оюндун 76-мүнөтүндө Сингапурдун дарбазасына 11 метрлик айып сокку белгиледи. Топту команда капитаны Валерий Кичин тээп, эсепти 1:1ге өзгөрттү.

Беттештин 81-мүнөтүндө "Ак шумкардын" оюнчусу Виктор Майердин соккусу атаандашынын дарбазасынан орун алды. Кыргызстан 2:1 эсебинде жеңүүчү аталды.

2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы бардык оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, “Ак шумкар” 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

Пикир

Оставить комментарий