• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия кубогуна тандоо. Кыргызстандын курамасы Түркмөнстанга жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 11.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасы Түркмөнстандын командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Турнир 1-15-апрель күндөрү Бишкекте өтүүдө.

Түркмөнстан Кыргызстанды 3:1 эсебинде артта калтырды.

Эскерте кетсек, Бишкекте Азия кубогунун Бириктирилген борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндары өтүүдө. Жалпы 8 өлкө катышууда:⠀

А тайпасына: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.

B тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Непал жайгашты.

2022-жылдын 22-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтө турчу Азия кубогунун финалдык этабына тайпанын сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Жалпысынан турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Пикир

Оставить комментарий