• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын кыздар курамасы кийинки турга өтө албай калышты

Спорт 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын 20 жашка чейинки кыздар курама командасы футбол боюнча Азия кубогунун финалдык этабына өтө албай калышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Эскерте кетсек, тандоо туру Бишкекте өтүп, Кыргызстан С тайпасында Австралия жана Гуамдын курамалары менен жайгашкан.

Кыргызстандын курамасы Австралияга 7:0 эсебинде утулуп калды. Буга чейин Гуамды 2:0 эсебинде уткан. Регламентке ылайык, кийинки турга жеңүүчү команда гана жолдомо ала алат.

Азия кубогу 2024-жылдын 3-16-мартында Өзбекстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий